БУРГАВЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУ́РГАВЕ , Б у р х а в е (Boerhaave) Герман (31.12.1668, Ворхаут, Лейденге жакын – 23.9. 1738, Лейден) – голл. врач, химик, ботаник, клиникалык медицинаны негиздөөчүлөрдүн бири, биринчи клиникалык ил. мектепти негиздөөчү. Лейден ун-тинде теология, философия, математика ж-а химияны изилдеген; философия (1690) ж-а медицина (1693) илимд. доктору, Лейден ун-тинде медицина, ботаника (1709) ж-а химия (1718) б-ча проф. Практикалык медицинага термометрди, лупаны ж-а оорунун майда-чүйдөсүнө чейин толук жазууну киргизген. Анын «Химия негиздери» (1–2-т., 1732) деген эмгеги белгилүү, ал китебинде алхимиктердин көз карашына каршы болуп, от, аба, суу ж-дө окууну толук изилдеген. Ботаника б-ча көптөгөн эмгектери жарык көргөн, а. и. Лейден ботан. багынын каталогунда (1709) өсүмдүк түрлөрү сыпатталган ж-а классификациясы (1709) берилген.