ВАВИЛОВ Николай Иванович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:32, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАВИ́ЛОВ 1 Николай Иванович (13(25).11.1887, Москва – 26.1.1843, Саратов) – генетик, өсүмдүк өстүрүүчүлүк б-ча илимпоз, географ, селекциянын азыркы ил. негизин, эгилме өсүмдүктүн пайда болушу, алардын геогр. таралышы ж-дөгү илимди негиздөөчү. СССР ИАнын (1929) ж-а УССР ИАнын (1929), ВАСХНИЛдин академиги ж-а биринчи президенти (1929–35). Москва а. ч. ин-тун (азыркы К. А. Тимирязев атн. Москва а. ч. академиясы) бүтүргөн (1911). 1917-жылдан Саратов ун-тинин проф., 1921–40-ж. Петроградда Колдонмо ботаника ж-а селекция бөлүмүнүн (1930-жылдан Бүткүл союздук өсүмдүк өстүрүүчүлүк ин-ту) башчысы. 1920–40-ж. өсүмдүк ресурстарын изилдөө

б-ча Жер Ортолук деӊиз өлкөлөрүнө, Эфиопия, Батыш Кытай, Япония, Афганстан, Корея, Түн., Борб. ж-а Түш. Америкага ил. экспедицияларды уюштуруп, алардын көбүн өзү жетектеген. В-дун жетекчилиги м-н эгилме өсүмдүктөрдүн дүйнөлүк коллекциясы (300 миӊден ашуун) түзүлгөн. Эгилме өсүмдүктөрдү мамл. сорт сыноодон өткөрүүгө негиз салган. В. бир-бирине жакын түр, тукум, уруунун тукум куума өзгөргүчтүгүндөгү гомол. катарлар законун ачкан (1920). В. селекциянын экол.-геогр. принцибин ж-а селекция үчүн түпкү материалды алуу принциптерин негиздеген. В. өсүмдүк өстүрүү б-ча илимпоздордун, генетиктердин ж-а селекционерлердин мектебин түзгөн. Бир катар чет өлкөлөрдүн ил. коомдорунун, академияларынын, а. и. Лондон королдук коому, Индия, Аргентина, Шотландия, Германия (Галледеги), Чехословакия академияларынын чет элдик мүчөсү, бир катар улуттук ж-а эл аралык уюмдардын ардактуу мүчөсү болгон. Генетика ж-а селекция багыты боюнча Т. Д. Лысенконун негизги оппоненти болгондуктан, куугунтукка учурап, 1943-ж. түрмөдө (Саратов ш.) каза болгон. 1955-ж. акталган. Эмг.: Избранные труды Т. 1–5. М.; Л., 1959–65 (в т. 1 приведена библиография трудов В.); Происхождение и география культурных растений. М., 1987. Ад.: Вавилов Н. И. и сельскохозяйственная наука/Посвящается 80-летию со дня рождения. М., 1969. Дубинин Н. П. История и трагедия советской генетики. М., 1992.