БУРГУЛОО КУРУЛМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРГУЛОО КУРУЛМАСЫ – негизинен бургулоодо, көзөнөкчөлөрдү бекитүүдө, өзөк казылмаларды курууга арналган машина м-н механизмдердин комплекси. Б. к. кен чалгындоодо, нефть, газ, жер астындагы сууларды иштетүүдө, тереӊдиктерди монтаждык ыкма м-н геол. изилдөөдө пайдаланылат. Курулма ажыратылма ж-а ажыратылбоочу болуп бөлүнөт. Ажыратылма Б. к. (кесек блоктуу ж-а майда блоктуу) 2000–10000 мдик көзөнөкчөлөрдү бургулап

Бургулоо курулмасы:
1 – мунара; 2 – көтөргүч-чыгырык; 3 – айланма; 4 – бургулоо лебёдкасы;
5 – электр м-н иштөөчү насос; 6 – кошумча лебёдка; 7 – ротор;
8 – пнемоачкыч; 9 – кабыл алгыч көпүрөчөлөр; 10 – пневмокомпрессор;
11 – электр бөлүштүргүч; 12 – циркуляция системасы;
13 – эритме даярдалуучу жай; 14 – күчөтүнасосу; 15–16 каптама жана бургулоо түтүктөрү; 17 – долото; 18 – көтөрмө системасы.

көзөөдө колдонулат. Кесек блоктуу Б. к. өзү жүрбөөчү атайын шасси (оор жүк ташуучу), майда блоктуу курулма – универсал транспорт (мис., автомобиль, авиация) м-н ташылат. Ажыратылбоочу Б. к. – өзү жүрмө ж-а алып жүрмө болуп бөлүнөт. Өзү жүрмө Б. к. транспортко (автомашинага, тракторго, өзү жүрмө курулмага, бургулоо кемесине) туруктуу орнотулуп, ал эми алып жүрмө курулма сүйрөп жүрмө транспорттор м-н ташылат.