БУРГУЛОО МАШИНАЛАРЫ
БУРГУЛОО МАШИНАЛАРЫ – бургулоонун тех. каражаттары. Буларга бургулоо каретасы, бургулоо курулмасы, бургу-шнектүмашина, бургулоочу балка ж. б. кирет. Б. м. негизинен тех. үч тармакта: нефть ж-а газ өндүрүдө тереӊ (бир нече км) бургулоо, кенбайлыктарды чалгындоодо ж-а тоокен м-н курулушта жарылуучу заттарды жайгаштыруу үчүн көзөнөктөрдү (көзөнөкчөлөрдү), шпурларды бургулоо багытында өнүккөн ж-а колдонулат.