«БУРГУНДИЯ ОТЕЛИ»
«БУРГУН́ДИЯ ОТЕЛИ» (Hotel de Bourgogne) – франц. драма театры. 1548-ж. Парижде түзүлгөн. Алгач «Б. о.» театрында мистериялар, фарстар, оралитеттер көрсөтүлгөн. Кийин трагедия, трагикомедия ж-а пастораль жанрларына кайрылган. 17-к-дын 40-жылдары «Б. о.» классицизм багытындагы театр катары П. Корнель ж-а Ж. Расиндин трагедияларын коёт. 1680-ж. «Б. о.», Мольердин труппасы ж-а «Маре» театрынын труппасы биригип, «Комеди Франсез» театры уюшулган.