БУРЖ
БУРЖ (Bourges) – Франциянын борб. бөлүгүндөгү шаар. Шер департаментинин адм. борбору. Калкы 66,1 миӊ (2015). Орон ж-а Эрен д-нын кошулган жеринде жайгашкан. Берри каналындагы пристань (Луара д. м-н байланышат). Б. з. 7-к-да азыркы шаардын орду кельттердин тургун жайы болгон. Шаардагы Сент-Этьенн собору Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Чиркөөлөр, соодагер Жак Кёрдин үйү, Пельвуазен сарайы, ар деко стилиндеги кооз бакчалар, Эл аралык электр-акустика муз. академиясы, Орлеан ун-тинин технол. ин-ту, музейлер, театрлар ж. б. бар. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Авиа ж-а ракета куруу, аскер, шина, жыгаччылык, тамак-аш өнөр жайы иштейт.