БУРЖУАЗИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРЖУАЗИ́Я (фр. bourqeoisie – шаардыктар) – соода, өнөр жай, кредиттик-финансылык ж. б. ишкердүүлүктөн киреше алган, капиталга ээлик кылган коомдук тап. Б. өз алдынча тап катары салттуу (феодалдык ж. б.) коомдун шартында пайда болуп, 16–20-к-дагы рев-ялардын ж-а реформалардын жүрүшүндө коомдогу маанилүү саясий-экон. күчкө айланган. Кол өнөрчүлүктүн, товар өндүрүшүнүн ж-а сооданын өнүгүшүнүн натыйжасында шаар калкы тап катмарларына жиктелип, 15-к-дын аягында шаар калкынын жогорку катмары – көпөстөр, банкирлер ж-а өнөр жай ишканаларынын ээлери Б. аталып калган. Б. прогрессчил тап катары индустриялык коомдун түптөлүшүнө, рынок экономикасынын, либералдык ж-а демокр. баалуулуктардын бекемделишине түрткү берген. 16–18-к-дагы Нидерланддагы, Англиядагы, Франциядагы рев-ялардын натыйжасында бул мамлекеттерде Б-нын бийлиги орногон. Соц. режим орнотулган өлкөлөрдө Б. тап катары жоюлган. Учурда алардын айрымдарында рынок экономикасынын ж-а гражд. коомдун калыптануусуна байланыштуу ишкерлердин ж-а менчик ээлеринин социалдык катмары кайрадан жаралууда.