БУРКИНА-ФАСО
БУРКИНА́-ФАСО́, Б у р к и н а - Ф а с о Р е с п у б л и к а с ы (1984-ж. чейин Жогорку Вольта Республикасы) – Батыш Африкадагы мамлекет. Түн.-батышынан ж-а түндүгүнөн Мали,

түн.-чыгышынан Нигер, түш.-чыгышынан Бенин, түштүгүнөн Того, Гана, түш.-батышынан Кот-д, Ивуар мамлекеттери м-н чектешет. Аянты 274,1 миӊ км2. Калкы 21,0 млн (2021). Борбору – Уагадугу ш. Расмий тили – француз тили. Адм.-аймактык жактан 45 провинцияга бөлүнөт. Акча бирдиги – Батыш Африка валюта союзунун франкы.
Б.- Ф. – унитардык мамлекет. Азыркы Конституциясы 2-июнда 1991-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет ж-а аткаруу бийлигинин башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент (Улуттук жыйналыш ж-а Өкүлдөр палатасы). Саясий партиялары: Демократия ж-а прогресс Конгресси, Африкалык демокр. биримдик, Социалисттик партия ж. б.
Аймагынын басымдуу бөлүгүн плато ээлейт. Деӊиз деӊг. орт. бийикт. 200–500 м, эӊ бийик жери Тена-Куру (749 м) тоосу. Климаты субэкватордук; үч мезгилге бөлүнөт: суук, кургак мезгил ноябрдан майга чейин; ысык, кургак – марттан майга чейин; ысык, нымдуу мезгил жылдын калган бөлүгү. Жылдык жаан-чачыны 450 ммден 1100 ммге чейин, ал түш.-батыштан түндүккө ж-а түн.-чыгышка карай азаят. Марттан майга чейин чөлдөн соккон харматан ысык шамалы кургакчылыкты күчөтөт. Айлык орт. темп-расы декабрь – январда 24°–26°С, апрель – майда 30°–35°Сге чейин өзгөрөт. Уагадугу ш-нын марттагы орт. темп-расы 41°Сге чейин жетет. Аймагынын басымдуу бөлүгү Вольта д-нын алабына кирет. Ири дарыялары: Кара (Мухун), Ак (Накамбе) ж-а Кызыл (Назинон) Вольта. Кара Вольта д-нда кеме жүрөт, кышында кургап, жайында жайылып агат. Кен байлыктары: акиташ, мрамор, марганец, жез, никель, фосфорит, боксит, цинк, коргошун, күмүш, алтын. Өлкөнүн аймагынын көп бөлүгүндө бийик тоолуу саванна өсөт. Кээ бир жерлеринде акация ж-а бадалдардан турган токой кездешет. Токой өлкөнүн 9%ин ээлейт. Жалпы аянты 3,14 млн га (2005) болгон коргоого алынган 13 табыйгый аймагы бар, а. и. Каборе-Тамби ж-а Дубль-Ве улуттук парктары уюштурулган.
Эли негизинен нигер-кардофан (гур ж-а манде) тилинде сүйлөшөт. Калкынын орт. жыштыгы 1 км2 жерге 43,4 киши. Өлкөдөгү элдердин жарымы моси тобундагылар. Калкынын жашынын орт. узактыгы: эркектериники – 47, аялдарыныкы – 49 жаш. Ислам (50% мусулмандар) ж-а христиан (10% католиктер) диндерин тутат.
Б.-Ф-нун аймагында алгачкы мамлекеттердин пайда болушу 13–14-к-дарга таандык. 11-к-да түн.-батыштан моси уруулары көчүп келип, жерг. урууларды багындыруу м-н өз мамлекетин негиздешкен. 13–14-к-дан Уагадугу, Ятенга, Тенкодого ж-а Фадан-Гурма мамлекеттери өкүм сүргөн. 17-к-да саясий бытырандылык күч алган. 18-к-дын башында ислам дини тарай баштаган. 1895-ж. Б.-Ф-нун аймагына француз аскерлери басып кирип, 1897-ж. Б.-Ф. Жогорку Вольта деген ат м-н француздук Батыш Африканын курамына киргизилген. 1904-ж. Б.-Ф. франциянын Жогорку Сенегал-Нигер колониясына кошулган. 1919-ж. Француздук Батыш Африканын курамындагы өзүнчө адм. бирдик болуп түзүлгөн, 1932–47-ж. башка француз колонияларынын бир бөлүгү болуп турган. 2-дүйнөлүк согуш жылдарында Б.-Ф-нун аскерлери Франция тарабында фашисттик коалицияга каршы согушкан. 1947-ж. Франциянын «деӊиздеги алыскы аймагы» катары статус берилип, азыркы чек арасы белгиленген. 2-дүйнөлүк согуштан кийин Б.-Ф-до улуттук-боштондук кыймыл күч алган. 1958-ж. Б.-Ф. Француз Коомдоштугуна мүчө мамлекет статусун (өлкө «автономиялуу республика» аталган) алган, 1960-ж. 5-августта көз карандысыз мамлекет болуп жарыя-

ланган. 1960-ж. жаӊы конституциясы кабыл алынып, ага ылайык Б.-Ф. француз коомдоштугунан чыккан. 1961-ж. өлкө Африка-Малагаси союзуна (1970-жылдан Жалпы Африка Малагаси-Маврикия уюму) кирген. Өлкөнүн алгачкы президенти М. Ямеого өлкөдөгү саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Өкмөткө каршы жапырт чыгуулардан кийин, 1966-ж. январда подполковник С. Ламизана мамлекет ж-а өкмөт башчысы болуп калган. Конституция колдонулбай, саясий партияларга кайрадан тыюу салынган. 1971-жылдын февралынан президенттик посту ээлеген Ламизана 1974-ж. февралда конституцияны жокко чыгарып, парламентти таркатып, жаӊы өкмөттү башкарып калган. 1978-ж. жаӊы конституция күчүнө кирген. 1979–80-ж. өкмөткө каршы кыймылдардан кийин 1980-ж. ноябрда полковник Сайе Зербо Ламизананы бийликтен четтетип, Аскердик кеӊештин башчысы катары өлкөдөгү жогорку бийликти өз колуна алган. 1982-ж. Аскердик төӊкөрүштүн жүрүшүндө Зербо бийликтен кетип, майор Уэдраго жетектеген элдик сактап калуу кеӊеши бийликти ээлеген. 1984-ж. 4-августта болуп өткөн кезектеги төӊкөрүштөн (Т. Санкара бийликке келген) кийин өлкөнүн аталышы Жогорку Вольта Респ-нан Б.-Ф. («Адал адамдар эли») деп өзгөртүлдү. 1987-ж. кайрадан төӊкөрүш болуп, аны жетектеген Б. Компаоре Б.-Ф-нун жаӊы президенти болуп калган. 1991-ж. 11-июнда жаӊы конституция кабыл алынган, 1997-ж. ага өзгөртүүлөр киргизилип, анда президентти жаӊы мөөнөткө шайлоо укугу берилген. 2005-ж. 13-ноябрдагы шайлоодо Б. Компаоре кайрадан президент болуп шайланган. 2015-жылдын 29-ноябрындагы президенттик шайлоодо Рок Марк Кристиан Каборе жеңген. 2020-ж. кайрадан президенттик шайлоодо 57,87% добушка ээ болуп, ишин уланткан.
Б.-Ф. – агрардык өлкө. ИДПнын көлөмү 14,34 млрд (2018) долларды түзөт. Аны киши башына бөлүштүргөндө 1200 доллардан (АКШ) туура келет. ИПДде а. ч-нын үлүшү 39,5%, өнөр жайыныкы 19,3% (2004). А. ч-нын башкы тармагы – мал чарбачылыгы. Пахта, жер жаӊгак, май берүүчү пальма, бал камыш, ак жүгөрү өстүрүлөт. Дарыяларынан балык кармалат. Пахта тазалоочу, булгаары-бут кийим, текстиль өнөр жайы бар. Өлкөдө сымап, марганец, алтын, фосфор, никель, мрамор казылып алынат. 2003-ж. 375,6 млн кВт.с электр энергиясын өндүргөн. Сыртка пахта, жер жаӊгак, мал (тирүүлөй) ж-а мал продукциялары чыгарылат. Сырттан химия ж-а оор машина куруу өнөр жайына керектүү продукцияларын, транспорт жабдууларын, тазаланган нефть продуктуларын, азык-түлүктөрдү алат. Автомобиль жолунун уз. 12,5 миӊ км, темиржолунуку – 622 км. Негизги соода шериктештери: Франция, Кот-д,Ивуар, Кытай, Сингапур, Гана, Бангладеш, Того.
Бардык окуу жайлары Негизги ж-а жогорку билим берүү министрлигине карайт. Азыркы билим берүү системасы француз модели м-н түзүлгөн. Уагадугу, Бобо-Диуласо ш-нда ун-т, ил.-из. ин-ттары, Улуттук китепкана, Улуттук музей бар. Телекөрсөтүүсү 1963-жылдан иштейт. Күн сайын чыгуучу мезгилдүү 4 гезит, жума сайын 20 ж-а ай сайын чыгуучу мезгилдүү басылмалар бар. Ад-ты 1930-жылдан француз тилинде өнүгө баштаган. 1960-жылдарда драматургия жанры өнүккөн. 1990-жылдарда социалдык-турмуштук романдар пайда болгон. Байыр-

кы иск-во эстеликтери – аскадагы сүрөттөр сакталып калган. Арх-рада чоподон салынган чатыры жалпак мечиттер ж-а чоӊ пирамида сыяктуу жыгач устундар аркылуу бекитилген мунаралар сакталган (Уагадугу, Бобо-Диуласо).
Ад.: Радченко Г. Ф. Страны Сахеля. М., 1983; Авдюнина Л. А. Буркина-Фасо: Справочник. М., 1992; Страны Африки 2002. М., 2002.