БУРСА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУ́РСА (мурда Бруса, Brusa, байыркы Пруса) – Түркиянын түн.-батышындагы шаар. Бурса илинин (адм.-айм. бирдик) адм. бирдиги. Калкы 2,2 млн (2020). Мрамор деӊизиндеги Гемлик булуӊунун жээгинде жайгашкан. Жолдор тоому. Аэропорту бар. Б. з. ч. 2-к-да негизделип, Рим империясынын, андан соӊ Византиянын курамына кирген. 1326-ж. Орхан басып алып, Осмон мамлекетинин борбору болгон. 15–17-к-да жибек токуп сатуунун, 1960-жылдан эл аралык туризмдин ири борбору. 14–16-к-га таандык ысык булактарда мончонун салынган калдыктары, ислам зодчийлигинин эстеликтери (Орхан-бей, Баязид I, Улуу-Жами, Ешиль-Жами мечиттери ж. б.), мечиттер да бар. Бүткүл дүйнөлүк мурасынын тизмесине киргизилген. Ун-т, музейлер, машина куруу, текстиль, тамак-аш, жыгаччылык өнөр жайлары иштейт. Цитрус өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн борбору.