БУРСИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРСИ́Т – адамдын ж-а жаныбарлардын муундарынын былжырлуу кабынын сезгениши. Көбүнчө чыканак, ийин, тизе, кызыл ашык, жамбаш муундары жабыркайт. Катуу кармаган Б. дене кырсыкка чалдыгуудан же ириӊдүү оорулардын (чыйкан, сыздоок, остеомиелит ж. б.), о. эле жугуштуу оорулардын (грипп, бруцеллёз ж. б.) кабылдоосунан болот. Өнөкөт Б. кесипке байланыштуу пайда болуп, көбүнчө тоо кен жумушчуларында, оор көтөргөндө, спортчуларда көп жолугат. Катуу кармаган Б-те муундун тушу кызарып, шишимик тартып ооруйт, кыймыл азаят, кээде эти ысып, жалпы абал начарлайт, күчөгөндө сезгенүү муунга же жумшак тканга өтүп, тери алдында же булчуӊ арасында флегмона пайда болот. Күчөп кетсе операция жасоого туура келет. Ошондуктан оорунун алгач белгилери билинер замат врачка кайрылуу керек.