БУРУЛЧА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРУЛЧА Осмонбек кызы (1840, азыркы Ысык-Көл р-ну, Өрүктү айылы – 1916, Каркыранын белинде) – темир ооз комузчу. Атасы чоӊ мүнүшкөр, энеси ооз комузчу, кошокчу болгон. Эл оозунда калган сөздөргө караганда Б. темир комуз кагуу м-н гана чектелбестен, ырчы, өтө шайыр, оюн-зоок уюштурууга шыктуу болгон. Темир ооз комузда «Турумтай», «Булбул», «Тактеке», «Керметоо» сыяктуу күүлөрдү чебер аткарган. Өзү «Бурулчанын селкинчек», «Кош кайрык», «Бурулчанын ой селки» сыяктуу күүлөрдү чыгарган. Бул күүлөрдү К. Орозов, Ы. Туманов ж. б. комуз үчүн иштеп чыгышкан.