БУРУТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРУТ – 17–18-к. чейин Цинь-манжур (Кытай), монгол тилдүү булактарда, орус авторлорунун эмгектеринде Теӊир-Тоо кыргыздарынын дагы бир аталышы. Алгач ойрот-кыргыздарды калмактар Б. деп аташып, алар аркылуу Кытай жазмаларына өткөн. Бирок, 1856-ж. кыргыздарды иликтеп кеткен Ч. Валиханов: «...кыргыздар кытайлар атагандай «бурут» деген атты таптакыр билишпейт, бул сөздү алар (кыргыздар) такыр угушкан эмес; «бурут» деген уруктун аталышын кыргыздардын ичинен кездештире албадым» – деп жазат. Б. кыргыздарга сырттан таӊууланган кошумча ат болгон. Б. з. баш чендеринде Чыгыш Түркстан ж-а ага чектеш жайгашкан аймактарды кыргыздардын бир бөлүгү байырлап, «бурут» (кытайча «булу», «булутэ») деп аталган. Б. этнониминин аталышы, жаралашы, түпкү жалпылыгы, байланышы б-ча тарыхчы-окумуштуулардын (И. Я. Бичурин, В. Шотт, Ч. Валиханов, Н. Аристов, А. А. Абдыкалыков ж. б.) изилдөөлөрүндө бир беткей айтылган пикирлер жок.