БУРЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРЧ – бир чекиттен чыккан ар кандай эки шооладан түзүлгөн геом. фигура (а-сүрөт). Шоолалар Б-тун жактары, ал эми алардын жалпы башталышы – анын чокусу. Кээде ал жалпы башталышка ээ болгон эки шоола м-н чектелген тегиздиктин бөлүгү деп аныкталат. Эгер эки Б-тун жактары, чокулары дал келсе, анда алар барабар Б. (конгруэнттүү) болот. Б. градус же радиан м-н ченелет. Эгер эки бурчтун жактары бир түз сызыкта жатып ж-а жалпы жакка ээ болушса, анда алар жандаш Б. деп аталат (б-сүрөт).


Сүрөт бар. Алынбай койду

Эгер биринин жагы экинчисинин чокусу аркылуу уланса, анда вертикаль Б. болот (в-сүрөт). Вертикаль Б-тар өз ара барабар ( 1 ж-а  2,  3 ж-а  4). Эгер Б. өзүнүн чектеш Б-уна барабар болсо, анда ал тик бурч делет (г-сүрөт). Б-тун жактары бир түз сызыкты түзсө, анда ал жайылган Б. (д-сүрөт). Тик бурчтан кичине Б. тар, ал эми тик бурчтан чоӊ, жайылган Б-тан кичине Б. кеӊ Б. болот (ж-сүрөт). Кандайдыр конустук бет м-н чектелген мейкиндиктин бөлүгү көлөмдүк Б. деп аталат. Анын айрым учуру көп грандуу Б. болот. Б.
Э. Канетов.