ВАВИЛОНИЯ
– Месопотамиянын түш. бөлүгүндө (азыркы Ирактын аймагы) жайгашкан тарыхый аймак ж-а байыркы мамлекет. Б. з. ч. 2-миӊ жылдыктын башынан б. з. ч. 539-ж. перстер тарабынан басып алынганга чейин өкүм сүргөн. Адегенде В-нын аймагы Шумер ж-а Аккад деп аталган. Кийинчерээк, мамлекеттин маанилүү саясий, маданий ж-а чарбалык борборуна айланган Вавилон ш-нын аталышынан В. делип калган. Б. з. ч. 19-к-дын башына чейин В-ны Аккад падышалары, кийин Ура династиясынан чыккандар (б. з. ч. 22-к-дын аягы – 21-к.) бийлеген. Б. з. ч. 1894-ж. В-да аморит урууларынан чыккан жерг. династия бийликке келип, анын көрүнүктүү өкүлү Хаммурапи (б. з. ч. 1792–50) бүткүл Месопотамияны бирдиктүү борборлошкон мамлекетке айландырган. Анын тушунда В. күчтүү мамлекетке айланып, Хаммурапи таланттуу администратор, реформатор ж-а мыйзамчы катары таанылган. Анын атынан чыгарылган мыйзам кодекстери («Хаммурапи мыйзамдары») – байыркы замандагы эӊ белгилүү юрид. документ болуп саналат. Хаммурапинин мураскерлеринин мезги-
«Дүйнөнүн Вавилон картасы». Б. з. ч. 700–500-ж. Британ музейи (Лондон). линде В-да сепаратисттик кыймылдар күч алып, б. з. ч. 1595-ж. Вавилонду хетт падышасы Мурсили I басып алат. Болжол м-н 1518-ж. хеттердин союздаштары, О. Азиянын талааларынан келген көчмөн касситтер шаарды ээлешип, В-да жаӊы династияны негиздешет. Касситтер династиясы сурап турганда (1518–1150) В-нын экономикасы жогорулаган. Касситтердин ж-а андан кийинки династиялар тушунда (Исиндин II династиясы, б. з. ч. 1150–1027-ж.) В-га сырткы душмандар (ассириялыктар, эламиттер) далай жолу басып кирген. Б. з. ч. 729-ж. Ассириянын падышасы Тиглатпаласар III В-га аскерлерин киргизип, Пулу деген ат м-н өзүн В-нын падышасы деп жарыялаган. В-дагы ассириялык падышалардын башкаруу мезгили мамлекеттеги саясий-экон. туруксуздук м-н белгилүү болгон. Б. з. ч. 7-к-да Ассирия аскерлери В-ны 2 жолу (689- ж-а 648-ж.) кыйраткан. Б. з. ч. 7-к-дын ортосунда Ассирияда түзүлгөн башаламандыктан пайдаланып, В-лыктар өзүнүн көз каранды эместигин калыбына келтирүүгө аракеттенишкен. Ассириялыктарды өлкөдөн кууп чыгууда Набопаласар чоӊ роль ойногон. Чечүүчү салгылашта В-лыктар жеӊип чыгышып, б. з. ч. 626-ж. Набопаласарды падыша деп жарыялашып, В-да жаӊы династия түптөлөт. 626-жылдан Жаӊы падышалыктын мезгили башталат. Кийинки падыша Навуходоносор IIнин тушунда В. Египетке ж-а анын азиялык союздаштарына каршы ийгиликтүү согушкан. 586-ж. Иерусалим талкаланып, Иудея падышалыгы В. провинциясына айланган. Набопаласар м-н Навуходоносор IIнин тушунда В-нын экономикасы бир кыйла жогорулап, Вавилон Алдыӊкы Азиядагы негизги соода борборуна айланган. Навуходоносор IIнин өлүмүнөн кийин В-да бир нече жолу сарай төӊкөрүштөрү ишке ашырылган. В-нын акыркы падышасы Набонид болгон (556–539). Б. з. ч. 539-ж. Персия падышасы Кир II Вавилонду басып алгандан кийин, В. өз алдынча мамлекет катары өмүр сүрүүсүн токтоткон. Ад.: Дандамаев Д. А. Рабство в Вавилонии. VII – IV вв. до н. э. (625 – 331 гг.). М., 1974; Рифтин А. П. Старо-вавилонские юридические и админстративные документы в собраниях СССР. М.; Л., 1937; Дьяконов И. М. Законы Вавилонии, Ассирии и Хеттского царства //Вестник древней истории, 1952, ¹ 3–4; История Древнего мира. М., 1989.