БУТАКАНА
БУТАКАНА , т и р (фр. tir – кере тартуу, жаа тартуу) – кол м-н атылчу куралдардан ок атып көнүгүү ж-а машыгуу үчүн жасалган жабык же жарым-жартылай ачык жай. Б-нын узундугу эки түрдүү (400 м ж-а 100 м) болот. Б. куралдарды сынап көрүү полигондорунда, ок атуучу куралдарды чыгаруучу ишканаларда курулат. Ал ок тешип чыгып кетпегидей, аткычтардын коопсуздугуна зыян келбегендей кылып жасалат. Б-на ок тийүүчү тилке м-н буталар механикалаштырылат ж-а электрлештирилет, көмөкчү ж-а сабак өткөрүлүүчү жайлары, ок-дары коюлуучу, эс алуучу бөлмөлөрү болот.