БУТТЕМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУТТЕМ (ал-Буттам, ал-Буттаман, Бутаман, Рottman) – тарыхый ороним; О. Азиядагы тоолуу өлкөнүн о. кылымдагы аты. 7–12-к-дагы араб-фарсы геогр. ад-ттарда, муг даректеринде ал Фергана м-н Панж д-нын аралыгында жайгашкан, орографиялык түзүлүшү татаал Биринчи же Ички Б., Орто Б., Тышкы Б. болуп 3 бөлүккө бөлүнгөн. Азыр алар Ысар (Гиссар), Заравшан ж-а Түркстан – Алай тоо кыркалары м-н салыштырылат. Ал-Истахри (10-к.) Б. – адам жеткис бийик аска тоолор, анын көп жери суук, ызгаардуулугун, тоолордо алтын м-н күмүштүн кендери, кеперез м-н нашатырь бар экендигин жазган. «Дүйнөнүн чектерин» (10-к.) жазган белгисиз фарсы географы Бутамандын чыгыш чеги Хурсаб (Куршаб) суусунун башына чейин барат деп көрсөткөн. Азыркы геогр. номенклатурада Б. кезикпейт.