БУУ БАРАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУУ БАРАСЫ , б у у т у р б и н а с ы (лат. turbo – куюн, чимирик, ийик) – суу буусу кеӊейгендеги потенциалдык энергияны мех. энергияга айландыруучу жылуулук кыймылдаткыч. Б. б. жумушчу калактар бекитилген дисктүү ротордон, буу киргизүүчү ж-а чыгаруучу патрубоктуу станоктон, диафрагмадан ж-а соплодон турат. Дисктер валга бекитилет. Бара иштегенде соплодогу буу кеӊейип, калакчалардын айлануу багытын көздөй буунун ылдамдыгы жогорулап, калакты айланып өткөн буунун агымы өзүнүн кыймыл багытын өзгөртөт. Бул учурда калакчаларга аракет эткен күчтөр жумуш аткарат. Буунун кеӊейишине жараша Б. б. а к т и в д ү ү ж-а р е а к т и в д ү ү болуп айырмаланат. Баранын айлануучу бөлүктөрүндө буу үзгүлтүксүз кеӊейгендиктен, буу мезгил-мезгили м-н ке-


Сүрөт бар


Буу барасы (турбинасы):
1, 2, 3 – калакчалар; 4 – буу кирүүчү патрубок;
5 – буу чыгаруучу патрубок; 6, 7 – диафрагмалар;


8 – диск бекилүүчү вал; 9 – сопло.

ӊейе турган поршендүү буу машинасына караганда Б. б-нда мех. энергия үзгүлтүксүз пайда болуп турат. Ошентип, барада үзгүлтүксүз тез жүрүүчү электр генераторун, аба үйлөткүчтөрдү, аба кысуучу көөрүктү (компрессорду) иштетүүгө колдонулат. Б. б. пайдаланылышына жараша орнотулган ж-а көчмө болуп бөлүнөт. Орнотулган (стационардык) Б. б. станциясына, көчмө Б. б. кемелерге орнотулат.