БУУДАЙЫК (көп жылдык чөп)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУУДАЙЫК , а к ч ө п (Agropyron) – дан өсүмдүктөр тукумундагы уруу; тамыр сабактуу көп жылдык чөп. Тамыры узун, айрымдарыныкы кыска. Сабагынын бийикт. 60–120 см, түктүү же түксүз, жалбырагы тасмадай, түктүү. Топ гүлү – эки катарлуу жөнөкөй машак. Даны сүйрү, түктүү. Түн. жарым шарда 150дөй, Кырг-нда 14 түрү бар. Көбүнчө талаа, шалбаа, таштак жерлерде өсөт. Айрым түрлөрү (көгүлтүр Б.) буудай м-н аргындаштырылып, суукка өтө чыдамдуу, сапаттуу түшүм берүүчү буудай-буудайык гибриди алынган. Көпчүлүк түрү – тоют өсүмдүгү, айрымдары – отоо чөп. Уругунан көбөйөт.