ВАГИНИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:58, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАГИНИ́Т к о л п и т (гр. kjlpos – жатын кыны) – жатын кынынын сезгениши. Жеке ж-а жыныс гигиенасын жакшы сактабаганда жатын кынына оору козгоочу микроорганизмдер ж-а мите козу карындар түшкөндө, кынга бөтөн нерсе киргенде, аборттон ж-а төрөттөн кын жабыркаганда пайда болот. О. эле жатын кынын көп жуу, бойго бүтүрбөөчү хим. заттарды көпкө колдонуу, жатындын түшүшү, жатын шакекчесин көпкө кийүү ж. б. түрткү берет. Анын пайда болушуна климакс мезгилинде энелик бездин функциясынын начарлашы да таасир этет. В-те суюктук бөлүнүп, ичтин төмөн жагы салмактанып ооруйт, жатын кыны кычышат ж-а ачышат. Аны трихомонада ж-а гонококк козгосо ак, кээде коюу ириӊдүү, боз суюктук көп бөлүнүп, жыныс органдарынын терисин ж-а былжыр челин дүүлүктүрөт. Врачка эрте кайрылып, аял, эркек экөө теӊ дарылануусу керек. Алдын алууда жеке гигиенаны сактоо чоӊ мааниге ээ.