БУУЛАНТКЫЧ
БУУЛАНТКЫЧ – суюктукту бууландырып, жылуулук алмаштыруучу аппарат. Б. жылуулук энергетикасында буу иштелүүчү орнотмодо конденсация учурунда сарп кылынган энергияны тазартылган суу алуунун эсебинен толуктайт. Б. буу барасында иштетилип, түтүктөрдүн арасындагы боштуктан өтүүчү буу ж-а казан агрегатынан чыгуучу түтүк м-н ысытылат. Б. деӊиз суусун туздан тазалоо, муздаткыч камераларын муздатуу иштеринде ж-а бууландыруучу аппаратта колдонулат.