БУУЛАНУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУУЛАНУУ – суюк же катуу заттын бууга айлануусу. Катуу нерсенин Б-су сублимация деп аталат. Темп-ра жогорулаган сайын молекулалардын жылуулук кыймылы күчөп, Б. ылдамдыгы өсөт. Темп-расы туруктуу жабык идиштеги Б. андагы суюктуктун үстүндөгү абадагы буу каныкканга чейин жүрөт. Б-нун натыйжасында суюктук муздайт. Б. техникада заттарды тазалоодо же буулантып айдоо процесси м-н суюктукту бөлүп алууда колдонулат. Табиятта Б. аркылуу нымдуулук океандан ж-а кургактыктан атм-га берилет, Жер шарында суунун айлануусунун негизин түзөт.