БУУЛУМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУУЛУМ – 1) кымбат баалуу, сейрек кездешүүчү кездеменин бир түрү. «Манас» эпосунда: «Барча, буулум, дүрүйө, баасы кыйын дүнүйө» деп айтылат. 2) Кийимдин аталышы. Ичи суусар ж. б. баалуу терилер м-н ичтелип, Б. м-н тышталган, жеӊил, жылуу ичик же тон тигилгендиги жоромолдонот. «Каныкей, буурулду берчи – минейин, буулумду берчи – кийейин», – деген саптарда Б-дан тигилген кийим да Б. деп аталары айгинеленет.