БУУ МЕНЕН ЖЫЛЫТУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУУ МЕНЕН ЖЫЛЫТУУ – жогорку темп-радагы суу буусун өткөрмө түтүктөр (буу өткөргүчтөр) аркылуу жылыткыч жабдыктарга берип жылытуу системасы. Ал борбордук жылытуунун бир түрү. Б. м. ж. системасында жылыткыч жабдыкта буу конденсацияланган кезде (буу каныкканда) суу пайда болуудан жылуулукту бөлүп чыгаруу касиети колдонулат; пайда болгон конденсат (каныкма) конденсат-өткөргүч аркылуу борбор. жылытуу тармагына же жылытылуучу имаратта жайгашкан буу казанына кайтарылат. Анда иштетилген (мис., буу машинасынан, буу барасынан ж. б. жабдыктардан чыккан) буу да колдонулушу мүмкүн.