ВАКУЛЕНКО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:29, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Валерий Яковлевич (23.10.1945-ж. т., Чүй обл., Сокулук р-ну, Фрунзе айылы) – адабиятчы, жазуучу, журналист, сынчы филология илимд. доктору (1992), проф. (1993). 1971-ж. Ленинград ун-тинин филология ф-тин бүтүргөн (1971). 1971–76-ж. «Кыргызстан» басмасында редактор, улук редактор, 1977-жылдан «Советская Киргизия» гезитинде ад-т ж-а иск-во редакциясынын башчысы, 1973-жылдан БГУда проф. 300дөн ашык ил. Эмгектин ж-а рецензиялардын, 5 ил. китептин автору. К. Баялинов, К. Акиев, С. Сасыкбаев, М. Гапаров, К. Жапаров, К. Сапарбаев, К. Осмоналиев, З. Сооронбаева, Д. Сулайманов ж. б. жазуучулардын чыгармаларын орус тилине которгон.

Эмг.: Гуманизм и литература. Ф., 1972; Детская литература Киргизии. М., 1976; Современное и вечное. Ф., 1978; Завтрашние заботы. Ф., 1985; Детские литературы народов Средней Азии. Б., 1996.