БУУРУЛ ТҮН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУУРУЛ ТҮН – кечки иӊир түшүп турган м-н эртеӊ мененки таӊ заары дал келип, түн бою күүгүм түшүп турган жарык түн. Б. т. Жайдын саратан учурунда (22-июнда) Түн. Жарым шардын 59°5'. кеӊдигинен түндүккө карай ж-а кыш чилдесинде (22-декабрда) Түш. Жарым шардын ушундай эле градусундагы кеӊдиктен түштүктү карай жайгашкан жерлерде байкалат. Б. т-дүн узактыгы ар кандай болот: Санкт-Петербургда 11-июндан 2-июлга, Архангельскиде 13-майдан 30-июлга чейин созулат.