БУХАРА ХАНДЫГЫ
БУХАРА́ ХАНДЫГЫ – О. Азиядагы 16–18-кда өкүм сүргөн феод. мамлекет. Тимуриддер мамлекети ыдырап кеткен мезгилде Шейбани хан тарабынан негизделген. Хандыктын борбору 16-к-дын аягында Самарканддан Бухара ш-на көчүрүлүп, мамлекет Б. х. деп атала баштаган. Абдулла хан IIнин тушунда (1557–98) өлкө күч алып, аймагы кеӊейген. 1573-ж. Балх ж-а Фергана, 1576-ж. Ташкентти, 1582–83-ж. Хорасанды, 1593–94-ж. Хорезмди басып алган. Россия м-н соода ж-а дипл. мамилелерди түзгөн. Абдулла хандын өлүмү, андан кийин анын уулунун өлтүрүлүшү м-н Шейбаниддер династиясынын бийлиги бүтүп, Аштарханиддердин доору башталган. Бул мезгилде Б. х-нда ич ара согуштар, Иран, Хива хандыгы, о. эле казактар м-н кагылышуулар болуп турган. 1740-ж. Ирандын башкаруучусу Надир шахтын аскерлери тарабынан басылып алынган. Надир шах өлгөн соӊ, хандыктагы ич ара чыр-чатактардын натыйжасында, бийликке маӊгыт уруусунан чыккан Мухаммед Рахим келген ж-а ал өзүн эмир деп жарыялап, 1747-жылдан Бухара эмирлиги деп атала баштаган. Маӊгыттардын доорунда ич ара чыр-чатактар күчөп, Хива, Кокон хандыктары м-н согуштар, элдик көтөрүлүштөр (1821–25-ж. кытай-кыпчак көтөрүлүшү) Б. х-н алсыраткан. 1868-ж. эмир аскерлери орус армиясынан жеӊилүүгө дуушар болуп, Б. х. Россия империясына вассал мамлекет катары кошулган. 1920-ж. 2-сентябрда Бухарада элдик көтөрүлүш чыгып, Кызыл Армиянын колдоосу м-н эмирдин бийлиги кулатылган ж-а 8-сентябрда Бухара Советтик Эл Респ. жарыяланган.