БУХАРЕСТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУХАРЕ́СТ , Б у к у р е ш т и – Румыния Респнын борбор шаары. Төмөнкү Дунай ойдуӊунун борб. бөлүгүндөгү Дымбовица д-нын боюнда (45 км аралыкта) жайгашкан. Өз алдынча адм.

Парламент ак сарайы.

бирдик. Экон. ж-а ил.-маданий борбор. Калкы 1,9 млн (2021). Б. – Дунайдын алабындагы өлкөлөрдү, Борб. Европаны Кара деӊиз, КМШ ж-а Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү м-н байланыштыруучу Трансевропа жолунун кесилишиндеги ири жолдор (7 темир ж-а бир нече автомобиль жолдор) тоому. Отопени эл аралык аэропорту бар. Башкы өнөр жай тармактары: машина куруу (транспорт ж-а а. ч. машиналары, электр-тех., радиоэлектроника өнөр жай жабдыктары), хим. (пластмасса, шина, лак-боёк, фармацевтика ж. б.), текстиль, булгаары-бут кийим, тамак-аш, айнек, фарфор-фаянс, полигр., түстүү ж-а кара металлургия, жыгаччылык. Метрополитен, Румыния ИА, тармактык академиялар, ун-т ж. б. ЖОЖдор, музей, театр, «Антенеум» (19-к.; учурда филармония) бар. Азыркы аталышы м-н 14-к-дан белгилүү. Дымбовица д-нын сол жээгинде эски шаар, монастырь, чиркөөлөр (Михай-Водэ, Патриаршая, Крецулеску; 16–18-к.), Респ. Ак сарай сакталган. «Скынтейя» үйү (1948–53), опера-балет театры, Чишмиджиу, Эркиндик, 23-август парктары ж-а эс алуу жайлары бар. Борб. Трансильвания аймагынан куур аркылуу газ ж-а нефть алат. 1977-жылкы жер титирөөдөн жапа чеккен.