БУЮМДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЮМДАР у к у к т а – менчик укугунун булагы болгон материалдык ж-а интеллектуалдык объекттер. Күндөлүк турмушта «буюм» деген сөз бир нече мааниде колдонулат. Адатта, Б. деп жандуу нерселер аталбайт, б. а. мис., жылкыны, уйду, итти же башка жаныбарды буюм деп атабайт. Бирок жарандык укукта ал табият предметтери (жер, анын кен байлыктары, жапайы айбандар ж. б.) же эмгектин натыйжасы (үй, машина, кездеме, эмерек ж. б.) б-ча жарандык укук мамилелери келип чыгат. Б. суюк же газ түрүндө да болот, мис., идиштерге, резервуарларга куюлган суу, газ, ж. б. Ошентип, Б. жарандык укук мамилелеринин объектиси болуп саналат. Эгер буюм жок болсо, анда менчик укугу, күрөө укугу, соода-сатык, тапшыруу, контрактациялоо, айырбаштоо, тартуу кылуу, карыз берүү, залог, жалдоо, сактоо сыяктуу келишимдерден келип чыккан укуктар да болмок эмес. Б. түшүнүгү укуктук маанисинде товар мааниси м-н дал келбейт. Б-га карата адамдардын сатып алуу, аларды тескөө ыкмасы ж-а чектери ж. б. укуктук нормалар м-н жөнгө салынат. Б. укугу: кыймылдуу ж-а кыймылсыз, керектелбөөчү болуп классификацияланат.
Ч. Арабаев.