БҮЛДҮРКӨН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БҮЛДҮРКӨН – өсүмдүктөрдүн роза гүлдүүлөр тукумунун дан куурай уруусундагы көп жылдык бадалча. Сабагы майда тикендүү, бийикт. 1 мдей. Гүлү кош жыныстуу, ак, мала кызыл. Мөмөсү кара кочкул же кызгылт, ширелүү данекче, бир

нечеси биригип, топтошкон жемишти пайда кылат. Анын 400дөй түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 42 түрү, 300дөй сорту бар. Кырг-нда жапайы 1 (көгүлтүр Б.) түрү токойдо, бадал арасында, суу жээгинде өсөт. Мөмөсүндө С витамини, А провитамини бар. Кыям, джем даярдалат. Тамырынан, өркүнүнөн көбөйөт. Бир га жерден 5–7 т түшүм алынат.