БҮЛӨӨЛҮ КОРУКЧАСЫ (ЗАКАЗНИГИ)
БҮЛӨӨЛҮ КОРУКЧАСЫ (ЗАКАЗНИГИ) – Ош обл-нун Алай р-нундагы токою корулуучу аймак. Бүлөөлү өрөөнүндө. Ош токой чарбасына карайт. 1975-ж. Теӊир-Тоо карагайы ареалынын түш. чет жакасындагы карагай токоюнун эталон деп эсептелген аймагын коргоо максатында уюшулган. Арча токою да басымдуу. Бадалдардан четин, аюу карагат, табылгы, бөрү карагат (изирик), ит мурун ж. б. жыш өсөт. Аянты 384 га, анын 261 гасын теӊир тоо карагайы ээлейт.