БҮРГӨНДҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БҮРГӨНДҮ – Жалал-Абад обл-нун Ноокен р-нундагы кыштак. Бүргөндү айыл округуна караштуу. Райондун борбору Масы кыш-нан 40 км батыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 88 км. Бишкек – Ош жолунун боюнда, деӊиз деӊг. 645 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1820 (2002); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, оорукана бар. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры Ю. Момбеков туулган.