БҮРКҮП ЧАЧКЫЧ МАШИНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БҮРКҮП ЧАЧКЫЧ МАШИ́НА , б ү р к к ү ч – өсүмдүк илдеттери м-н зыянкечтерин, отоо чөптөрдү ж-а кампа зыянкечтерин жоготуу максатында хим. уулуу заттарды өтө майда тамчы түрүндө чачуучу түзүлүш. Аны м-н чачылган уулуу заттар өсүмдүктөрдүн ж-а алардын сөӊгөгү м-н жалбырак беттерине жакшы жабышып, зыянкечтерди ууландырат. Мында чаӊдатып чачууга караганда уу зат кыйла аз сарпталат. Өндүрүштө көп түрдүү Б. ч. м. колдонулат. Ал бүрккүч түзүлүшүнүн иштешине карата – гидравликалык ж-а желдеткичтүү (вентилятордук), агрегат ыкмасына карата чиркеме, асма, орнотмо ж-а өзү жүрүүчү ж. б. болуп бөлүнөт. Талаа өсүмдүктөрүнө уу затты чачуу үчүн көбүнчө гидравликалык (штангалык), ал эми бак-дарактарда желдеткичтүү машина пайдаланылат. Б. ч. м-нын негизги жумушчу органына – резервуарлар насостор, чыпкалар, чачыраткычтар ж. б. заправкалоочу түзүлүштөр кирет. Учурда ОП-2000-2, ОПВ-2000 ж. б. м-ы колдонушат.