БҮРКҮТ (кыраан куш)
БҮРКҮТ (Aquila chrysaetus) – туйгундар тукумундагы кыраан куш. Уз. 90 смге, канатын жайганда уз. 2 мге жетет. Борб. Азиянын бардык тоо кыркаларында таралган. Жайында деӊиз деӊг. 2–3 миӊ м бийик зоолордо жашайт. Уясын аска-зоолорго салып, аны башка жырткыч канаттуулардан кылдат кайтарат. Март айында 1–2 жумуртка тууп, ургаачысы 45 күндө басып чыгарат. Б. – көзү курч, кыраан жырткыч куш. Түлкү, суур, эчки-теке, улар ж. б. алып азыктанат. Кыргыздар эзелтен

аны таптап, аӊ уулоодо пайдаланат. Мүнүшкөрлөр Б-кө түлкү, карышкыр ж. б. алдырат. Кырг-ндын Кызыл китебине катталган.