БҮРКҮТ-УЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БҮРКҮТ-УЯ – Кочкор өрөөнүнүн батыш тарабындагы 6–9-к-га таандык байыркы түрк урууларынын айкел эстеликтери жайгашкан жер. Маркумдарды эскерип жөрөлгө аткарылуучу жай болгон. Ошол мезгилде ал жердеги түрк тилдүү жерг. калк маркум болгон туугандарына арнап тоонун жонунда жайгашкан түздүктө зыярат кылып турушкан. Бүгүнкү күндө төрт чарчы коргончо-эстеликтер, айкелдер сакталып калган. Б. археол. эстелиги 1990-ж. К. Табалдиев жетектеген археологдор тарабынан белгиленген.
К. Табалдиев.