БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МЕТЕОРОЛОГИЯ УЮМУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МЕТЕОРОЛО́ГИЯ УЮМУ – метеорологиялык байкоолорду, изилдөөлөрдү өркүндөтүү, улуттук метеорология м-н гидрометеорология иштерин координациялоо б-ча эл аралык кызматташтыкты арттыруу максатын көздөгөн бүткүл дүйнөлүк уюм. 1951-ж. БУУнун алдында уюшулган, ага 187 мамлекет мүчө (2005-ж.). Жогорку органы – метеорол. конгресс, 4 жылда бир жолу чакырылат. Иш жүргүзүчү органы – Секретариат, Женевада (Швейцария).