БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МУРАС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МУРАС – бүткүл адамзаттын энчисине айланган көрүнүктүү маданий ж-а табигый баалуулуктар. 1972-ж. 16-ноябрда ЮНЕСКОнун Генералдык конф-ясы Бүткүл дүйнөлүк маданий ж-а табигый мурастарды коргоо тууралуу конвенция кабыл алган (1975-ж. 17-декабрда мамлекет – тараптардын саны 20га жеткенде күчүнө кирген). 180 өлкө Конвенцияны ратификациялаган (2005). Конвенцияны ратификациялаган мамлекет – тараптар өздөрү жайгашкан аймактагы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесин алардын көрсөтүүсү б-ча шайлашкан Бүткүл дүйнөлүк мурас к-тине беришет (1978-жылдан). 2005-жылдын аягында дүйнөнүн 137 мамлекетинен 160 жаратылыш, 628 мад-т

Бүткүл дүйнөлүк мурастын эмблемасы (төрт бурчтук – адамдын жаратмандыгы, сырткы айлана – жаратылыштын символу).

ж-а 24 жаратылыш-мад-т объектилери Тизмеге кирген. Алардын ичинде: айрым курулмалар ж-а ансамблдер – Мемфистин урандысы ж-а көрүстөнү, Гиза–Дахшур р-нундагы пирамидалар, байыркы Фивы (Египет), Афиныдагы Акрополь, Вестминстер ак сарайы, ыйык Маргарита аббатчылыгы ж-а чиркөөсү (Улуу Британия), Версалдагы ж-а Фонтенблодогу ак сарайлар ж-а парктар (Франция), Москва Кремли, Кызыл аянт, «Кижи» тарыхый-арх-ралык ансамбли, Троица-Сергий лаврасы, Нерлидеги Покров чиркөөсү (Россия), София собору, Киев-Печёра лаврасы (Украина), Таж-Махал (Индия), Ватикандын арх-ра эстеликтери, Эркиндик статуясы (АКШ), Улуу Кытай сепили (Кытай); Рим ж-а Флоренция (Италия), Гавана (Куба), Краков ж-а Варшава (Польша), Дамаск (Сирия), Стамбул

Флоренция. Шаардын борбордук бөлүгү.

(Түркия), Исфахан (Иран), Санкт-Петербург (Россия), Бухара (Өзбекстан) ж. б. ш-дын тарыхый бөлүктөрү; археол. коруктар – Киригуа (Гватемала), Дельфы (Грекия), Пальмира (Сирия) ж. б.; улуттук парктар – Чоӊ Барьер рифиндеги деӊиз паркы (Австралия), Казиранга (Индия), Аскалуу тоолор ж-а Вуд-Баффало (Канада), Ньяса көлү (Малави), Беловежа чер токою (Беларуссия) ж. б. бар. Тизмеге Освенцим (Польша), Стонхенж ж-а Сент-Килда а. (Улуу Британия), Валь-Камоникедеги аскадагы сүрөттөр (Италия), Чжоукоудяндагы (Пекин) алгачкы адамдар жашаган жай ж-а Тайшань тоолору (Кытай), Алттагы аскадагы жазуу-чиймелер (Норвегия), Величкадагы туз шахтасы (Польша), Везер д-нын өрөөнүндөгү аскага тартылган сүрөттөрү бар үӊкүрлөр (Франция), Тассилин-Аджер (Алжир) бөксө тоолору сыяктуу

Байкал көлү (Россия).

объекттер киргизилген. Конвенциянын чегинде ресурстары чектелүү өлкөлөргө финансылык ж-а тех. жардам көрсөтүүчү Бүткүл дүйнөлүк маданий ж-а табигый мурастарды коргоо фонду түзүлгөн. Фондго бардык мамлекет – тараптар ЮНЕСКОнун бюджетине милдеттүү төлөмдөрүнүн 1% өлчөмүндөгү төлөм төлөшөт; өкмөттүк эмес уюмдардан ж-а жеке адамдардан кошумча төлөмдөр кабыл алынат. К-тте объекттердин сакталышын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берүүчү мониторинг системасы түзүлгөн. Конвенцияда Б. д. м. объектилери аймактарында жайгашкан мамлекеттердин өкмөттөрү аларды сактоо б-ча милдеттенме алары көрсөтүлгөн.
М. Оморова.