БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК САЛАМАТТЫК САКТОО УЮМУ (ВОЗ)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК САЛАМАТТЫК САКТОО УЮМУ (ВОЗ) – эл аралык мед. уюм; БУУнун атайын мекемеси. 1945-ж. уюшулган. 1946-ж. Нью-Йоркто 51 өлкөнүн Эл аралык конф-ясы ВОЗдун уставын иштеп чыккан ж-а кабыл алган, ВОЗдун штаб-квартирасы Женева ш-нда (Швейцария) жайгашкан. Дүйнө б-ча ВОЗдун региондук 6 офиси бар. Европа регионунан 52 мамлекет мүчө. ВОЗдун жогорку органы – Саламаттык сактоонун бүткүл дүйнөлүк ассамблеясы, анын сессиясы жыл сайын чакырылат. ВОЗ жугуштуу ж-а жугушсуз оорулар (туберкулёз, венера ж-а мите оорулары, жүрөк-кан тамыр оорулары, зыяндуу шишиктер ж. б.) м-н күрөшөт, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө саламаттык сактоо кызматын түзүүгө ж-а кайра уюштурууга, мед. кадрларды даярдоого ж-а билимин өркүндөтүүгө жардам берет. ВОЗ бактериялык ж-а хим. куралдарды колдонбоо, кишини атом радиациясынан коргоо, онкол. изилдөөлөр б-ча узак убакыт кызматташуу, ИЖОСко (СПИДге) каршы күрөшүү б-ча иш жүргүзөт. ВОЗдун милдеттерине дары каражаттарынын эл аралык стандартын белгилөө, дарылардын сапатын, кошумча таасирлерин көзөмөлдөө, баӊгиликке эл аралык көзөмөл жүргүзүү, оорулардын эл аралык классификациясын кайрадан карап чыгуу; мед. илимдердин негизги проблемалары б-ча изилдөөлөрдү ж-а саламаттык сактоонун маанилүү маселелерин координациялоо ж. б. кирет. Андан тышкары эл аралык карантин иш-чараларын жүргүзөт: чечек, чума, холера, короновирус сары лихорадка оорулары чыкканда токтоосуз эл аралык маалымат берет, эл аралык санит. эрежелерди иштеп чыгып, ал эрежелердин сакталышын көзөмөлдөйт. Журнал, бюллетень чыгарып турат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясы кабыл алган чечекти жоготуу программасын ишке ашыруу 1976-жылдан бүт Жер шарында чечектин жоголушуна алып келди. Кыргызстан 1992-жылдан ВОЗдун Европа Региондук Бюросуна мүчө. 1994-ж. КРдин саламаттык сактоосун реформалоо «Манас» программасын, туберкулёзго каршы DОТS стратегиясын иштеп чыгып киргизген. ВОЗ Кыргызстанда саламаттыкты сактоо, дары-дармек саясатын, АИЖВ/ИЖОС, туберкулёз, безгекке каршы ж. б. программаларды каржылайт, о. эле ВОЗ улуттук адистерди даярдоого да чоӊ көӊүл буруп, кыска ж-а узак мөөнөттүү эл аралык курстарды уюштурат.
Д. Ахматова.