БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК УБАКЫТ
БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК УБАКЫТ , э л а р а л ы к у б а к ы т – баштапкы меридиандагы (0°) орт. күн убакыты. Меридиандын башталышы үчүн шарттуу түрдө Гринвич (Улуу Британия) обсерваториясынын меридианы кабыл алынган. Астр. байкоолордо, эл аралык телеграф, телетайп байланыштарында ж. б. пайдаланылат. Мында убакыт түн ортосунан баштап саналат. Кыргызстандын убакытынын Б. д. у-тан айырмасы 5 саат.