БҮТКҮЛ СОЮЗДУК ПИОНЕР УЮМУ
БҮТКҮЛ СОЮЗДУК ПИОНЕ́Р УЮМУ – СССРде 10–15 жашар жеткинчектердин уюму (1922–91). 1922-ж. 19-майда комсомолдун Бүткүл россиялык 2-конф-ясында бардык жерде пионер отряддарын түзүү ж-дө чечим кабыл алынып, уюм уюшулган ж-а анын ишин ВЛКСМ жетектеген. СССРдин бардык аймактарында пионер отряддары уюштурулуп, алар турмуштун бардык тармактарына активдүү катышып, өз салымдарын кошкон. 1932–33-ж. Совет бийлиги үчүн Павлик Морозов, Коля Мяготин, Кычан Жакыпов ж. б. пионерлер курман болуп, алардын ысмы Б. с. п. у-нун Ардак китепчесине жазылган. Чарбачылыкты өнүктүрүүдөгү активдүү иши үчүн 1935-ж. пионерлердин бир тобуна сыйлыктар ыйгарылган: Мамлакат Нахангова Ленин ордени (Тажикстан), Ишан Кадыров ж-а Хавахан Атамкулова (Тажикстан), Алексей Фадеев (Ленинград обл.), Буза Шамжановалар (Казакстан) «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланышкан. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары пионерлер тимурчулар кыймылын кеӊири жайылтышкан, дары чөптөрдү, темир сыныктарын чогултушкан, госпиталдарда күзөткө туруп, түшүм жыйноого кол кабыш кылышкан. Немец баскынчыларына каршы күрөштөгү эрдиги үчүн Лёня Голиков, Марат Казей, Зина Портноваларга Сов. Союз. Баатыры деген наам наам берилип, миӊдеген пионерлер орден ж-а медалдар м-н сыйланган. 1962-ж. Б. с. п. у. түзүлгөнүнүн 40 жылдыгына карата Ленин ордени м-н сыйланган. Пионерлер үчүн «Пионерская правда» гезити, 35 журнал, о. эле респ. гезит-журналдар чыгарылып турган, Кырг-нда «Кыргызстан пионери» гезити, «Жаш ленинчи» журналы чыгарылган. 1991-ж. СССРдин таркашы м-н Советтер Союзунун Коммунисттик партиясы (КПСС), Бүткүл союздук лениндик коммунисттик жаштар союзу (ВЛКСМ) м-н катар эле, Б. с. п. у. да өз иш-аракеттерин токтоткон.