БХАРАТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БХА́РАТА – арийлердин байыркы индиялык уруусу. Алар панчалдар м-н биригип, Индияда 1-ири мамлекетти түзгөн (б. з. ч. 7-к.) куру уруу союзуна кирген. «Б. укум-тукуму» кауравалар м-н пандавалар ж-дөгү уламыштар индиялык «Махабхарата» эпосуна негиз болгон. Бхаратаварши (Жамна м-н Сатлеж д-нын аралыгы) – бхараталар аймагынын аталышы, көпчүлүк учурда бүткүл Индия ушундай аталган. Ушундан улам азыркы Индия Респ-нын хинди тилинде расмий аталышы – Бхарат.