БЫЖЫ
БЫЖЫ – улуттук тамак. Даамдуу, жегиликтүү ж-а аш болумдуу азык. Аны жаӊы союлган малдын, көбүнчө койдун боорун чийкилей жыгач кашык м-н эзип, майы м-н ич этин (бөйрөк, жүрөк ж. б.) майдалап туурап, пияз, кээде сарымсак, татымына жараша туз, калемпир же

мурч кошуп, ага көптүрүлгөн күрүч ж-а малдын ич канын аралаштырып, таза жуулган мөөнгө же жоон ичегиге, о. эле жумур, тогуз кат же чөйчөк карынга салып, учун чий м-н төөнөп, жип м-н бууйт. Б-ны 2 саатча акырын кайнатат. Бышканча ичегинин көөп чыккан жерин ийне м-н сайып туруу керек. Антпесе, жарылып кетиши ыктымал.
Ш. Керимова.