БЫКОВ Василий Владимирович
БЫКОВ Василь (Василий Владимирович) (19. 6.1924, Витебск обл., Умшач р-ну, Бычки кыш.– 22. 6. 2003, Минск) – жазуучу, Беларусь эл жазуучусу (1980), Соц. Эмг. Баатыры (1984), СССР мамл. сыйл. (1974), Лениндик сыйл. (1986), Элдик ад-т фонду сыйл. лауреаты (1997). Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Анын чыгармаларынын негизги темасы – согуш болгон. «Адамдын өлүмү» (1967), «Жыйырманчы» (1958), «Турналар үнү» (1960), «Үчүнчү ракета» (1962), «Круглянск көпүрөсү» (1969), «Сотников» (1970), «Обелиск» (1973), «Барып кайтпай калуу» (1978), «Кайгынын белгиси» (1982) повесттеринде согуш жылдарындагы адамдын жүрүм-турумун, адеп-ахлак маселелерин чагылдырган. Соӊку жылдары «Катюша», «Политрук Коломиев» (1999) аттуу чыгармалары жарык көргөн. Ленин ордени м-н сыйланган.