БЫЛПЫЛДАКТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЫЛПЫЛДАКТАР (Porifera) – омурткасыз жаныбарлардын тиби. Төрт түркүмүн камтыган жалгыз (Spongia) классы бар. Б-дын денеси органдарга, ткандарга даана бөлүнбөйт; көп клеткалуу жандыктардын жөнөкөйү. Тиричилигин кыймылсыз абалда өткөрөт. Алар таманы м-н субстратка жабышып турат, бош жагында оозу болот. Денеси 2 катмар клеткадан турат. Сырткы катмары жалпак эпителийден, ичкиси түктүү өзгөчө клетка – хоаноциттерден турат. Көпчүлүгүнүн кремнезём же көмүр кычкыл туздарынан түзүлгөн скелети болот. Алардын 5000ге жакын түрү белгилүү. Деӊиз жээгинен баштап, 8000–8500 м тереӊ суу түбүндө колония болуп жашайт. Түн. ж-а Ы. Чыгыш деӊиздеринде 300дөн ашуун, Кара деӊизде 1 түрү бар. Байкал Б-ынын ж-а бадяганын бир нече түрү тиричилигин тузсуз сууда өткөзөт. Б. жөнөкөйлөр, балырлар ж. б. м-н азыктанат. Көбү гермафродиттер, жыныссыз жол м-н көбөйөт. Кээ биринин мед., тех. максат үчүн мааниси бар.