БЫРРАНГА ТООЛОРУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЫРРАНГА ТООЛОРУ – дүйнөнүн эӊ түндүгүндө жайгашкан материктик тоо системасы. Краснояр крайында (Россия), Ортонку Сибирдин түндүгүндө, Таймыр ж. а-нда. Түш.-батышта Кара (Карск) деӊизинин Енисей булуӊунан түн.-чыгышта, Лаптевдер деӊизине чейин 1100 кмге созулат. Жазылыгы 200 кмге чейин. Бири-бирине жарыш же кулиса сымал созулуп жаткан жапыз тоо жалдарынан (бийикт. 250–400 м), кырка тоолордон ж-а жазы платолордон (500–700 мге чейин) туруп, бири-биринен дөбөлүү түздүктөр, тепши сымал өтмө өрөөндөр ж-а тереӊ (700 мге чейин) шаӊшаарлар (каньондор) м-н бөлүнгөн. Б. т. бири-биринен обочолонгон төмөнкү тоо түйүндөрүнө бөлүнөт: батыш (Енисей булуӊу м-н Пясина д-нын өрөөнүнүн аралыгы), борбордук (Пясина м-н Төмөнкү Таймыр д-нын аралыгы), Б. т-нун эӊ бийик (1125 м) ж-а мөӊгүлүү бөлүгү (мөӊгүнүн жалпы аянты 30,5 км2) – түн.-батыш (Лаптевдер деӊизинин жээгине чейин). Б. т-ндагы мөӊгүлөрдүн жалпы саны 96 (а. и. эӊ ириси – Неожиданный, аянты 4,3 км2); алар негизинен Жданов, Преградный, Холодный ж. б. дарыялардын башаттарында жайгашкан. Мөӊгүлөрдүн этектери деӊиз деӊг. 900–600 м бийиктикке чейин түшөт. Бардык жеринде көп жылдык тоӊ ж-а аны м-н байланыштуу солюфлюкция процесстери, о. эле рельефтин тоӊдон пайда болгон формалары (корумдары, дөбө-дөӊдөр ж. б.) кездешет. Б. т. кембрийге чейин ж-а палеозойдо пайда болгон тоо тектерден турат; аларга траптар мүнөздүү. Климаты катаал, арктикалык. Жазы 2,5 айга гана созулуп, жай мезгили дээрлик болбойт; сентябрда эле кар түшүп, кышы узакка созулат; кар аралаш бороон-чапкын шамалы согуп турат. Январдын орт. темп-расы –35°С, июлдуку 4°С. Жаан-чачынынын жылдык орточо өлчөмү 100–400 мм. Эӊ ири көлү – Таймыр. Түш. капталдарында ж-а тоо этектей мамык чөп-эӊилчектүү, айрым жерлеринде бадалчалуу тундра таралган; түн. капталдарында арктика тундурасынын суйдаӊ өсүмдүктөрү 500–700 м бийиктиктен жогору арктика чөлү ж-а нивалдык-гляциалдык ландшафттар м-н алмашат. Айбанаттардан карышкыр, түндүк түлкүсү, лемминг, о. эле арыс, ак коён, кой бука ж. б. мекендейт; өрдөк, каз, дудук каз, чулдук ж. б. куштар көп. Тоо этектеринде ж-а өрөөндөрүндө бугу чарбасы өнүккөн. Б. т-нун чегинде Чоӊ Арктика коругунун бир бөлүгү жайгашкан. Батыш ж-а чыгыш бөлүктөрүндө лыжа ж-а тоо туризм (Волнорез, Кашолот, Сэрэген чокуларына чыгуу), о. эле дарыяларда (Подкаменный, Жданов, Холодный ж. б.) сүзүү өнүккөн.
Ад.: Трифонов Е. В. Таймыр. Региональная география. Норильск, 1999; о ш о н у к у э л е. Таймыр Физическая география. Норильск, 2003.