БЫЧАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЫЧАК – кесүү үчүн колдонулуучу миздүү, сабы бар ашкана куралы. Таш, коло доорлорунда пайда болгон. Ал адегенде таш, коло, кийин темирден жасалган. Жасалышына карата шамшар, маки, кыӊырак сыяктуу көп түргө бөлүнөт. Мүйүз, сөөк ж-а жыгачтан сап жасап, зергерлер оюм-чийимдерди түшүрүп, асыл таштарды чөгөрүшкөн.