БЫЧМАЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЫЧМАЧЫ – кийимдин бардык түрүн, үй-буюмдарын, боз үй жабдууларын ж-а ат жабдыктарын бычуучу уз. Мурда ар бир айылда бир нече Б. болгон. Алар турмуш-тиричиликке керектүү кийим-кечек, буюм ж. б-ды кездеме, таар, кийиз ж-а териден бычып берип, кол акысын алышкан. Кийин Б-лык өнөр жайлык мүнөзгө өттү.