БЫШЫКТОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЫШЫКТОО – окуу процессинин зарыл этабы; окуучулардын алган билимдери эстеринде бекем сакталып калышына багытталган иш-аракеттердин жыйындысы. Сабакта өткөрүлгөн иш-аракеттердин басымдуу бөлүгү билимди Б-го багытталат. Мис., жаӊы теманы өтүп бүткөн соӊ, мугалим аларды Б. иши м-н алек болот. Кийинки этапта мурдагы сабакта өтүлгөн материал кайталанат. Ал ар кандай формада жүргүзүлөт: алган билимдерди кайра кайталап берүү (репродукция), көнүгүүлөрдү аткаруу, тренаж, баяндоо, үлгү б-ча өз алдынча иштерди аткаруу, суроо-жооп м-н Б., чыгармачыл Б. ж. б.