БЭКОН
БЭКОН Френсис (22. 1. 1561, Лондон – 9. 4. 1626, Хайгет) – англ. философ, англ. материализмге ж-а тажрыйбачыл илимдин методологиясына негиз салуучу. Нааданчылык м-н схоластикалык көз караштарга каршы чыгып, Европада матер., атеисттик идеялардын таралышына зор таасир тийгизген. Анын эмгектеринде илимде үйрөнүп-иликтөөнүн өз предмети бар – жаратылыш, ал эми дин болсо ил. таанып-билүү жаатына кийлигишпеш керек, деп белгилейт. Б-дун материализми ошол кездеги шартка ылайык ырааттуу эмес, метафизикалык мүнөздө болуп, өзүнө диний түшүнүктөрдү камтыган, бирок анын идеялары диний көз карашка катуу сокку урган. Б-дун окуусун кийинчерээк Т. Гоббс м-н Ж. Локк өнүктүргөн. Б-дун эмгектери илим ж-а ил. таанып-билүү маселесине арналган. 1579-ж. жазылган эмгектеринин катарына «Моралдык, экономикалык жана саясий эссе», «Жаӊы Атлантида», «Генрих VIIнин тарыхы» ж-а «Жаӊы органон» кирет.
Ж. К. Асанов.