БЭР Карл Максимович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЭР Карл Максимович [17 (28) 2. 1792, Эстляндия губерниясы, Пийб чарбасы – 16 (28) 11. 1876, азыркы Эстония, Тарту, Дерпт] – табият изилдөөчү ж-а эмбриологияны негиздөөчү. Орус география коомун түзүүчүлөрдүн бири. Петербург ИАнын корр. мүчөсү (1826), академиги (1828), ардактуу мүчөсү (1862). Дерпт (Тарту) ун-тин (1814; мед. ф-тин) бүткөн. Австрия, Германияда, 1829–30- ж-а 1834-ж. Россияда эмгектенген. Сүт эмүүчүлөрдүн жумуртка клеткасын ачып, бластуланын өөрчүү фазасын сүрөттөп жазган; жөжө-

нүн эмбриогенезин изилдеген. Татаал ж-а жөнөкөй түзүлүштөгү жаныбарлардын эмбриондорунун окшоштугун, эмбриогенез белгилеринин (тип, класс, отряд) ырааттуулугунун пайда болушун далилдеген. Омурткалуу жаныбарлардын бардык органдарынын өсүшүн сүрөттөп жазган. Жаӊы-Жер а-н, Каспий деӊизин изилдеген. Россиянын географиясы б-ча эмгектердин редактору. Дарыя жээктеринин жемирилүү закон ченемдүүлүгүн (Бэр закону) аныктаган. Жаӊы Зеландиядагы тумшукка, Таймыр булуӊундагы аралга ысымы коюлган. Эмг.: Избранные работы. Л., 1924; История развития животных. М.; Л., 1950–1953. Т. 1–2 (библ.); Автобиография. М., 1950; Переписка по проблемам географии. Л., 1970. Т. 1.
Ад.: Райков Б. Е. К. Бэр, его жизнь и труды. М.; Л., 1961; Варламов В. Ф. к. Бэр – испытатель природы. М., 1988.