БЮДЖЕТ СТАТИСТИКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЮДЖЕ́Т СТАТИСТИКАСЫ статистиканын калктын турмуш деӊгээлин изилдөөчү бөлүгү. Элдин материалдык ж-а рухий жактан камсыз болуу деӊгээли мамл. отчёттордун, түрдүү каттоонун, статистикалык байкоонун негизинде талданат. Б. с. жумушчулардын, кызматчылардын үй-бүлөсүнүн кирешесин, чыгашасын ж-а керектөө өлчөмүн, алардын структуралык өзгөрүүсүн изилдейт. Улуттук кирешенин түзүлүшүн ж-а аны бөлүштүрүүнү тактоодо, жумушчулардын накта кирешесин эсептөөдө, баланстын кээ бир түрүн түзүүдө Б. с-нын маалыматтары кеӊири пайдаланылат.